206-жылдын 13-мартында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бир катар лабораторияларды жана тиешелүү мекемелерди кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Алгач облус жетекчиси Ош адистештирилген контролдук-токсикологиялык лабораториясында болуп, мекеменин иш процесси, жүргүзүлүп жаткан анализдер жана кызмат көрсөтүү тартиби тууралуу маалымат алды.
Андан соң ал Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментинин Ош облустук аймактык башкармалыгынын ишмердүүлүгүн көрдү.
Облус башчысы эки мекеменин иши менен таанышып, жетекчилерден жана адистерден маалымат алды. Ошондой эле кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, эски иш ыкмаларын жаңылоо жана заманбап ыкмалар менен иштөөгө өтүү боюнча бир катар сунуш-пикирлерин айтып, бул багытта колдоо көрсөтөрүн билдирди.
Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу өкүл Кара-Суу районунун Кашкар кыштак айыл аймагында жайгашкан “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк регионалдык топурак-агрохимиялык станциясы” филиалында болду. Ал жерде жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышып, мекеменин ишмердүүлүгүн сынга алып, аны жакшыртуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Иш сапардын жүрүшүндө облус башчысы Кара-Суу шаарындагы Айыл чарба өсүмдүктөрүн жана багбанчылыкты экспертизалоо боюнча департаментинин Ош–Баткен аймактар аралык башкармалыгында да болуп, мекеменин иши менен таанышып, ишти жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.