Ош облусунун башчысы Азия чемпионатында жеңишке жеткен Актилек Култаевди сыйлады

09.04.2026  15:48

31

Ош облусунун башчысы Азия чемпионатында жеңишке жеткен Актилек Култаевди сыйлады

Бүгүн, 9-апрелде Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Индонезиянын Жакарта шаарында жаштар арасында дзюдо боюнча өткөн Азия чемпионатында 81 кг салмак категориясында коло медаль уткан Актилек Култаевди кабыл алды.

Жолугушууда облус башчысы спортчуну чоң жеңиши менен куттуктап, алдыдагы мелдештерине дагы ийгиликтерди каалап, өлкөнүн анын ичинде Ош облусунун атын дүйнөгө таанытууга салым кошуп жаткан спортчуларды ар тараптуу колдоого даяр экенин айтты. Ошондой эле ал Култаевге 100 миң сомдук сертификат тапшырып, ыраазычылык баракчасын ыйгарды.

Белгилеп кетсек, 21 жаштагы Актилек Култаев Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну. Ал буга чейин да бир катар эл аралык жана республикалык мелдештерде ийгиликтерге жетишкен.