Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаевдин эл менен жолугушуусу Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында башталды

13.05.2026  11:52

152

Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаевдин эл менен жолугушуусу Ноокат районунун Кулатов айыл аймагында башталды

12-май, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында, Ош облусу боюнча Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев жергиликтүү калк менен түз байланыш түзүп, алардын көйгөйлөрүн угуу боюнча иш-чараларды баштады. Жолугушуу алгач Кулатов айыл аймагында башталды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар айыл чарба, турак-жай, жайыт жерлери жана жер-суу маселелери сыяктуу актуалдуу көйгөйлөрдү көтөрүштү.

Аймактын туруктуу өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этүүчү бул маселелерди чечүү үчүн Аманкан Кенжебаев тийиштүү мамлекеттик органдарга багытталган тапшырмаларды берди.