8-декабрь — телеберүү жана радио кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев телерадио кызматкерлерин куттуктады.
Иш-чарада өкүл жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коомдогу маанилүү ордун баса белгилеп, сапаттуу жана объективдүү маалымат берүүдө, коомдук пикирди калыптандырууда жана өлкөдөгү өзгөрүүлөрдү калкка өз убагында жеткирүүдөгү салымына ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле, бир катар телерадио кызматкерлери Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана маалымат чөйрөсүндөгү жигердүү ишмердиги үчүн Ардак грамота менен сыйланышты.