2025-жылдын 16-декабрында Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ноокат районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө алгач район жетекчиси сөз сүйлөп, 2025-жыл ичинде аткарылган иштер жана алдыга коюлган пландар тууралуу кеңири маалымат берди.
Андан соң Аманкан Кенжебаев облус аймагында аткарылган иштерге токтолуп, жергиликтүү тургундардын көйгөйлүү маселелерин жана сунуш-пикирлерин түз угуп, ар бир суроого жеке жооп берүүгө аракет кылды. Жарандар негизинен таза суу, жол, электр энергиясы, жайыт, жер тилке, турак жай, ирригация, ички каналдарды калыбына келтирүү, Ноокат шаарындагы канализация, жол тыгыны, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагындагы маселелерди көтөрүштү.
Мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан суроолорго жеринде жооптор берилип, айрым маселелер боюнча тиешелүү мекемелерге конкреттүү тапшырмалар коюлду. Кээ бир көйгөйлөр жеринен чечилди.
Белгилей кетсек, облус жетекчисинин район тургундары менен жолугушуулары күн сайын облустун бардык райондорунда улантылууда.