Ош облусунун башчысы Алайдагы чакан ГЭСтин курулушу менен таанышып, прокуратуранын жаңы имаратына мезгил кутусун салуу аземине катышты

19.06.2025  17:55

153

Ош облусунун башчысы Алайдагы чакан ГЭСтин курулушу менен таанышып, прокуратуранын жаңы имаратына мезгил кутусун салуу аземине катышты

Бүгүн, 19-июнь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында Курманжан Датка айыл өкмөтүндөгү Капчыгай тилкесинде курулуп жаткан чакан ГЭСтин курулушу менен таанышып чыкты.

“Алай Гидро” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан бул ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 4,4 мегаватты түзүп, долбоордун баасы 7,2 миллион сомду түзөт. Анын 70 пайызы Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду тарабынан, калган 30 пайызы жеке инвестор тарабынан каржыланууда. Учурда жер тегиздөө, суунун нугу буруу, дамба куруу жана бетон жумуштары жүрүп жатат. ГЭС ишке кирсе, 10 туруктуу жумуш орду түзүлөт.

Облус башчысы энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууда мындай долбоорлордун маанисин баса белгилеп, курулуш иштерин ылдамдатуу жана бардык стандарттарды сактоо тапшырмасын берди.

Андан соң Эльчибек Джантаев Алай райондук прокуратуранын жаңы имаратына мезгил кутусун салуу аземине катышты. Эки кабаттуу жаңы имарат республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, “Бийиктик Инвест” курулуш компаниясы тарабынан курулууда. Курулуш иштери 2025-жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт деп күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, учурдагы райондук прокуратуранын имараты 1968-жылы курулган жана эскилиги жеткен.