Ош облусунун башчысы АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

08.09.2025  15:45

19

Ош облусунун башчысы АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери мырза менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен АКШнын ортосундагы кызматташтык маселелерин талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, экономика, айыл чарба, экология жана туризм сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү багыттарына өзгөчө көңүл бурушту.

Ошондой эле кыргыз-америкалык алакаларды мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришип, ачык жана конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин баса белгилешти