Ош облусунун 2025-жылдын экинчи кварталы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды

23.07.2025  16:52

119

Ош облусунун 2025-жылдын экинчи кварталы боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, өкүлдүн орун басарлары, коллегия мүчөлөрү, район акимдери, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты.

Коллегиянын күн тартибинде төмөнкү үч негизги маселе каралды:

1. Облусунун 2025-жылдын биринчи жарым жылындагы социалдык-экономикалык жыйынтыктары жана экинчи жарым жылдыктагы милдеттер;

2. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (№179, 2023-жылдын 11-августу) аткарылышы.

Күн тартибиндеги маселелер боюнча өкүлдүн орун басары Илияз Ташбаев жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кенжебек Абдылдаев баяндама жасашты.

Өнөр жай жана инвестиция

2025-жылдын январь-июнь айларында Ош облусунда 8 млрд 571,8 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 105,3% түздү (2024-ж. 6 ай — 103,3%).

Бул мезгилде 58 жаңы ишкана ачылып, 703 жаңы жумуш орду түзүлдү. Жалпы 2 млрд 319 млн сомдон ашык инвестиция тартылып, өткөн жылга салыштырмалуу инвестиция көлөмү 1 млрд 554 млн сомго өстү.

Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылы ишке ашуучу 134 долбоордун ичинен 19 долбоор өнөр жай тармагында Ош облусуна тиешелүү, алардын 4ү Кара-Суу районунда ишке ашырылды.

Финансы

Мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктар жана жыйымдар боюнча план 106,9%га аткарылып, 2 млрд 759,5 млн сом чогултулду. Өткөн жылга салыштырмалуу 20% өсүү байкалды.

Дотациянын үлүшү 16,5% болуп, 2024-жылга салыштырмалуу 3,6%га төмөндөдү.

Инвестиция тартуу

6 ай ичинде жалпы 9 млрд 248,5 млн сомдук инвестиция тартылып, өсүү 138,1% түздү. Анын 95,8% ички инвестиция (8 млрд 855,4 млн сом).

Ош облустук өнүктүрүү фондусунан 250 млн сом бөлүнүп, 27 долбоор социалдык, 2 долбоор экономикалык багытта ишке ашырылууда.

Айыл чарба

Облуста айыл чарба продукциясы 23 млрд 53,7 млн сомго өндүрүлүп, физикалык көлөм индекси 103,4% түздү. Бул Кыргызстандын жалпы айыл чарба өндүрүшүнүн 18%ын түзөт.

Билим берүү

2024–2025-окуу жылында 524 мектепте 274 930 окуучу билим алып, 20 215 мугалим эмгектенди. 43 мугалим жетишпейт. Олимпиадага 279 окуучу катышып, 34ү республикалык IV баскычка өттү. Билим сапаты 48,7%дан 49,5%га жогорулады.

Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 33,3% түзүп, 623 бала бакча жана 257 кошумча тайпа иштеди. Жалпы 63 136 бала тартылган.

Жол жана инфраструктура

2025-жылы Ош облусунда 325,1 км жолду асфальттоо пландалса, учурда 112,4 км жолго асфальт төшөлдү. Ири долбоорлордун бири — Кара-Суу районундагы “Т” кесилишинде жол курулушу башталган. Өзгөн, Ноокат, Алай жана башка райондордо да масштабдуу иштер жүрүүдө.

Экология

Облус боюнча 28 таштанды төгүү жайынын 13ү санитардык талаптарга жооп бербейт. Маселе мурда да көтөрүлгөнү менен көрүнүктүү жылыш байкалган жок.

Жер маселеси

37095 арыздын ичинен 13843ү каралып, 13259 мамлекеттик акт берилген. Бирок 907 арыз чечилбей, 584 адам дагы эле акт ала элек.

Камсыздандыруу

Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу — 51,9%. Мамлекеттик имараттар — 63,9%.

Автоунаалар — 83,9%

Жыйын соңунда облус жетекчиси Эльчибек Джантаев ар бир тармак боюнча аткарылган иштерге токтолуп, кемчиликтерди жоюу жана экинчи жарым жылдыкка карата так милдеттерди койду. Өнүгүү программасын кабыл албай жаткан айрым район, шаар, айыл өкмөттөрдүн иши сынга алынып, тиешелүү жетекчилерге эскертүүлөр берилди.