Ош облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ишембиликке катышты

19.09.2026  12:04

62

Ош облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты ишембиликке катышты

2026-жыл — Бүгүн, 19-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 «Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Ош облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты. Ишембилик Ош-Эркештам жолунун 25-чакырымында уюштурулду.

Ишембиликтин максаты — айлана-чөйрөнү тазалоо, жол боюндагы таштандыларды чогултуу жана аймактын экологиялык абалын жакшыртуу болуп саналат. Аппараттын кызматкерлери белгиленген аймакта тазалоо иштерин активдүү жүргүзүштү.

Ишембиликке район аймагындагы мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар активдүү катышып, аймактарды тазалоо, көрктөндүрүү жана иретке келтирүү иштерин жүргүзүштү.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты мындай ишембиликтерди үзгүлтүксүз өткөрүп, аймактын тазалыгына жана экологиясына өз салымын кошууга даяр экендигин билдирет. Ишембиликке катышкан бардык кызматкерлерге жана тургундарга ыраазычылык билдиребиз.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы