Ош облусунда ЖРТдан жогорку балл алган жана артыкчылык аттестат алган 41 бүтүрүүчү сыйланды

03.07.2025  13:07

103

Ош облусунда ЖРТдан жогорку балл алган жана артыкчылык аттестат алган 41 бүтүрүүчү сыйланды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча жогорку балл алган жана артыкчылык аттестатка ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү.

Иш-чарага Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев катышып, билимге умтулуп, жогорку жетишкендиктерге жеткен бүтүрүүчүлөрдү куттуктады. Өз сөзүндө ал:

“Урматтуу бүтүрүүчүлөр, сиздер билимге умтулган, өлкөнүн жаркын келечегин калыптандырган жаңы муундун өкүлдөрүсүздөр. Жалпы Ош облусу сиздер менен сыймыктанат. Алдыңкы катарда болуп, туура кесип тандап, элибиздин өнүгүшүнө салым кошуңуздар”, — деп белгиледи.

Сыйлоо аземине Жалпы республикалык тестирлөөдөн 200дөн жогорку упай алган жана артыкчылык аттестат алган 41 бүтүрүүчү катышты. Аларга акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылды.

Ошондой эле Эльчибек Джантаев окуучулар менен чай үстүндө баарлашып, өзүнүн иш бөлмөсү менен тааныштырды.

Белгилей кетсек, быйыл Ош облусунан Жалпы республикалык тестирлөөгө жалпы 7 223 бүтүрүүчү катышкан. Алардын ичинен 72 окуучу 200дөн жогору баллга жетишсе, 4 959 бүтүрүүчү босого баллдан жогору жыйынтык көрсөткөн.