Ош облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн окутуу өттү

05.12.2025  11:21

9

Ош облусунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн окутуу өттү

5-декабрда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына ченем жаратуу ишмердигин ишке ашырууну, ошондой эле, жергиликтүү кеңештер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектери жана кабыл алынган токтомдорду Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү тартиби темасында окутуу өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары, Мамкызмат жана ЖӨБМА Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы, жергиликтүү кеңештердин төрагалары, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылар катышты.

Окутуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык жүргүзүлүп, анын алкагында жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларды кабыл алуудагы ыйгарым укуктары, ченем жаратуу техникасы жана кабыл алынган актыларды Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү тартиби кенен түшүндүрүлдү.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун жана типтүү документтерди даярдоо боюнча жаңы методикалык колдонмо мамлекеттик жана расмий тилдерде иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 2025-жылдын 13-октябрындагы № 01-25/357 буйругу менен бекитилген.

Семинардын жүрүшүндө катышуучуларга аталган китепчелер таратылып, ченем жаратуу процессинде жол берилген типтүү каталар жана аларды алдын алуу боюнча практикалык сунуштар берилди.

Иш-чара жергиликтүү кеңештер менен ЖӨБ аткаруу органдарынын ишиндеги укуктук тартипти чыңдоого, кабыл алынган актылардын сапатын жогорулатууга багытталат.