Бүгүн, 16-июнь күнү, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-мартындагы №134 токтомун ишке ашырууга багытталган регионалдык деңгээлдеги жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, Экономика жана коммерция министрлигинин региондук өнүктүрүү саясаты башкармалыгынын начальниги Искандарбек Маматов, Борбордук Азиянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу академиясынын эксперти Айнура Балакунова жана район акимдери, айыл өкмөт башчылары жана өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Жолугушуунун максаты — “2025–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын региондорун комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын” аткарылышын талкуулоо жана анын алкагында жергиликтүү деңгээлдеги механизмдерди ишке киргизүү жолдорун аныктоо болду.
Жыйында талкууланган негизги маселелер:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №134 токтомунун (18.03.2025-ж.) алкагында региондорду комплекстүү өнүктүрүү программасынын аткарылышы;
- Региондорду өнүктүрүүдө жаңы пландаштыруу методдорун жана комплекстүү системаларды киргизүү;
- Райондук координациялык кеңештерди түзүү, инклюзивдик өнүгүүнү камсыздоо жана диалог үчүн платформаларды уюштуруу;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жамааттардын өнүгүүнү пландаштырууда жаңы ыкмаларды кабыл алуусу боюнча маалымат берүү жана талкуу жүргүзүү.
Жыйынындын жүрүшүндө айыл өкмөт башчылары тарабынан конкреттүү суроолор, сунуштар көтөрүлүп, алар боюнча ачык талкуу да жүргүзүлдү. Соңунда катышуучулар бул жолугушууну региондук өнүгүү боюнча маанилүү практикалык аянтча катары баалашты.