Ош облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин жыйыны өттү

24.07.2025  11:47

37

Ош облусунда Регионалдык инвестициялык кеңештин жыйыны өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратынын жыйындар залында Регионалдык инвестициялык кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага өкүлдүн орун басары Илияз Ташбаев, Министрлер Кабинетинин алдындагы Инвестициялык кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улук Кыдырбаев, район акимдери, бизнес-ассоциациялардын, донордук уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө региондун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин өнүктүрүү жана инвестициялык карта даярдоо маселелери талкууланды. Регионалдык кеңештин курамы жаңыртылып, номенклатуралык негизде бекитилди.

МЖӨ негизинде ишке ашкан Өзгөн шаарынын айланма жолунун курулушу ийгиликтүү мисал катары көрсөтүлүп, башка райондордо да колдонуу сунушталды. Ошондой эле “МЕДИМПЕКС” компаниясынын жер тилкесине байланыштуу маселеси каралып, футболдук аянтчанын жаңы жерге көчүрүлүшү колдоо тапты.

Жыйын соңунда катышуучулар мындан аркы аракеттер боюнча биргелешкен сунуштарды кабыл алышты. Кеңештин иши региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү кадам катары бааланды.