Ош облусунда Өзгөчө кырдаалдарга даярдоо жана чара көрүү боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

08.10.2026  17:47

65

Ош облусунда Өзгөчө кырдаалдарга даярдоо жана чара көрүү боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев бүгүн Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки жаңы объектинин ачылышына катышты.

Алгач Республикалык куткаруу отрядынын жаңы казармасы пайдаланууга берилди. Андан соң көп функционалдуу борбор ачылды. Борбор жергиликтүү жамааттардын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын күчөтүүгө багытталып, зарыл учурда баш калкалоочу жай катары колдонулат.

Борбор Европа Биримдиги каржылаган чек ара аймактарын өнүктүрүү демилгеси (CDI) алкагында Ага Хан Фонду аркылуу курулду.

Салтанатта Аманкан Кенжебаев сөз сүйлөп, бул долбоор мамлекеттик органдар менен эл аралык өнөктөштөрдүн натыйжалуу кызматташтыгынын үлгүсү экенин белгилеп, өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди.

«Бул борбор калктын коопсуздугун камсыз кылууга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатууга салым кошот», — деди Аманкан Кенжебаев.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев, Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы элчиси Реми Дюфло жана Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын дипломатиялык өкүлү доктор Баркат Фазал катышты.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы