Ош облусунда 2012–2013-жылы туулган өспүрүмдөр арасында бокс боюнча Кыргыз Республикасынын биринчилиги старт алды. Спорттук иш-чаранын расмий ачылыш аземине Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев катышты.
Ачылышта сөз сүйлөгөн өкүл жаш спортчуларга ийгилик каалап, күчтүүлөр жеңишке жетишине тилектештигин билдирди. Ошондой эле өкүлчүлүктүн атынан мелдешти жогорку деңгээлде өткөрүүгө колдоо көрсөтүү максатында 200 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча өлкө биринчилиги 13-февралга чейин уланат. Мелдешке 300дөн ашуун жаш спортчу катышууда.