Ош облусунда Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

04.07.2025  14:03

74

Ош облусунда Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленди

4-июль күнү С. Ибраимов атындагы Ош Улуттук драма театрында Медицина кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Саламаттыкты сактоо тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан ак халатчандарды куттуктоо максатындагы иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө өкүл аймактагы медицина кызматкерлеринин талыкпаган эмгегине жогору баа берип, калктын саламаттыгы үчүн жасаган үзүрлүү аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Салтанаттын алкагында бир катар медицина кызматкерлерине Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн атынан Ардак грамота жана “Ош облусунун Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды.

Иш-чарага Ош облусунун аймагындагы бардык медициналык мекемелерден 700дөн ашуун медицина кызматкери катышты. Бул майрамдык жыйын медиктердин эмгегин даңазалоо жана алардын коомдогу ордун белгилөө максатында жогорку деңгээлде уюштурулду.

Мындай демилгелер аймактардагы саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө, медицина кызматкерлерин колдоого жана дем берүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, жыл сайын июнь айынын үчүнчү жекшембисинде Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленип келет.