Бүгүн, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, анын орун басарлары, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Сураган Босумбаев, ошондой эле өкүлчүлүктүн кызматкерлери катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө Эльчибек Джантаев кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктап, облустун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн атынан Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Мындан тышкары, Мамлекеттик агенттик менен профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү да кызматкерлерди куттуктап, Мамлекеттик кызматтын отличниги төш белгилер жана Ардак грамоталар менен сыйлашты.
Эскерте кетсек, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2002-жылдын 20-декабрындагы чечимине ылайык белгиленип, Кыргызстанда жыл сайын салтанаттуу түрдө өткөрүлүп келет.