Ош облусунда мамлекеттик мекемелердин мүлктөрү камсыздандырылууда

12.06.2025  17:53

6

Ош облусунда мамлекеттик мекемелердин мүлктөрү камсыздандырылууда

Бүгүн, 12-июньда Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборуна “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ачык акционердик коомунун Ош филиалы тарабынан 1 462 000 (бир миллион төрт жүз алтымыш эки миң) сом өлчөмүндөгү камсыздандыруу төлөмү тапшырылды. Тиешелүү сертификатты борборго Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев тапшырды.

Аталган имарат 2024-жылдын Кыргыз Республикасынын Президентинин 20-мартындагы ПЖ №79 “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын негизинде милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүлгөн болчу. 2025-жылдын 6-январында имаратта өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен келтирилген зыянды жабуу максатында камсыздандыруу төлөмү “Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун” Ош филиалы тарабынан жүргүзүлдү.

Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин карамагында жалпысынан 1 554 кыймылсыз мүлк объектиси катталган. Алардын ичинен 729 имарат милдеттүү камсыздандыруудан өткөрүлдү. Калган объектилерди камсыздандыруу иштери улантылып, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте активдүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Мамлекеттик мүлктү камсыздандыруу – жаратылыш кырсыктары же күтүлбөгөн кырдаалдар учурунда чыгымдардын ордун калыбына келтирүүдө маанилүү механизм болуп эсептелет. Бул багыттагы иштер мындан ары да улантылат.