Бүгүн, 17-июнь күнү, Ош облусунда камсыздандыруу иштеринин жүрүшүнө багытталган жыйын өттү. Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары, облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле “Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын Ош филиалынын кызматкерлери катышты.
Жыйында 2024-жылдын 20-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кол коюлган ПЖ №79 “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бул жарлыкка ылайык, бардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар өздөрүнүн карамагындагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү милдеттүү түрдө камсыздандыруудан өткөрүүгө тийиш.
2025-жылдын 12-июнуна карата алынган маалыматтарга ылайык, Ош облусунда мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге тиешелүү 1554 имарат катталган, алардын ичинен 729 имарат же 46,9 пайызы гана камсыздандырылган. Ал эми 640 автоунаанын ичинен 408и камсыздандырылып, камсыздандыруу деңгээли 63,7 пайызды түзгөн.
Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу багытында болсо, бүгүнкү күнгө карата 83 428 үй камсыздандырылып, бул жалпы турак жайлардын 48,2 пайызына туура келет.
Жыйында ошондой эле, 2025-жылдын май-июнь айларында өткөрүлгөн турак жай жана транспорт каражаттарын камсыздандыруу боюнча маалыматтык кампаниянын жыйынтыктары боюнча отчеттор угулду.
“Мамлекеттик камсыздандыруу уюму” ААКнын Ош филиалынын директору Самат Шатманов камсыздандыруу иштеринин жүрүшү, протоколдук тапшырмалардын аткарылышы жана жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташуу маселелери боюнча маалымат берди.
Мындан сырткары, жыйында Ош облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы, облустук юстиция башкармалыгы, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жана Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын Ош облустук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү тарабынан да тиешелүү маалыматтар берилди.
Жыйындын жүрүшүндө райондук мамлекеттик администрация башчыларынын биринчи орун басарлары камсыздандырылган турак жайлар табигый кырсыктарга кабылган учурда компенсация төлөмдөрүн берүү механизмин жакшыртуу максатында камсыздандыруу мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарын беришти..