Ош облусунда иш алып барган финансы-кредиттик уюмдардын катышуусунда регионалдык инвестициялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

29.10.2025  17:18

4

Ош облусунда иш алып барган финансы-кредиттик уюмдардын катышуусунда регионалдык инвестициялык кеңештин кезектеги жыйыны өттү

29-октябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында Регионалдык инвестициялык кеңештин (РИК) кезектеги жыйыны болуп өттү.

Жыйынга ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Илияз Ташбаев, өкүлчүлүктүн жооптуу кызматкерлери, Ош облусунда иш алып барган финансы-кредиттик уюмдардын, бизнес-ассоциациялардын жана эл аралык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү катышты.

Кеңештин жүрүшүндө РИК бизнес менен мамлекеттик органдар ортосундагы ачык диалог аянтчасы катары маанилүү роль аткараары белгиленип, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор боюнча маалымат берилди.

Ош облусунда ишкерлер үчүн финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу, “жашыл экономика” багытындагы долбоорлорду өнүктүрүү жана насыя алууда документтик талаптарды жөнөкөйлөтүү маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, банктардын аймактардагы филиалдарынын, банкомат жана POS-терминалдардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, QR код аркылуу төлөм жүргүзүү системасын активдүү илгерилетүү зарылчылыгы айтылды. Катышуучулар санариптик төлөмдөрдү өнүктүрүү соода жүгүртүүнү көбөйтүп, көлөкө экономиканы кыскартууга жардам берерин белгилешти.

Ошондой эле калк жана ишкерлер арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу, онлайн насыя, QR төлөм жана мобилдик банкинг сыяктуу заманбап банктык кызматтарды жайылтуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү сунушталып, тараптар мындан аркы кызматташууну улантуу тууралуу макулдашышты.

Жыйындын жыйынтыгында облус экономикасынын туруктуулугун жана инвестициялык жагымдуулугун арттырууга багытталган биргелешкен аракеттерди улантуу зарылдыгы белгиленди.