Ош облусунда “Good Neighbors International” уюму менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду

13.06.2025  13:56

83

Ош облусунда “Good Neighbors International” уюму менен кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюлду

Бүгүн, 13-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев менен Кыргыз Республикасындагы “Good Neighbors International” уюмунун өлкө директору Чо Сунхён расмий жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун алкагында Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) жана “Good Neighbors International” уюму тарабынан Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жогору бааланды. Аймактагы айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу, өнөр жай базасын түзүү жана жашоо шарттарын оңдоо багытында уюмдардын көп жылдык ишмердүүлүгү белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматташууну расмий түрдө бекемдеген Меморандумга кол коюлду. Бул документ облустун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга, биргелешкен ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган.

Ыйгарым укуктуу өкүл Эльчибек Джантаев мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташууну колдоого даяр экендигин белгиледи.