Ош облусунда бир катар жетекчилерге “катуу сөгүш” жана “эскертүү” берилди

23.07.2025  17:17

279

Ош облусунда бир катар жетекчилерге “катуу сөгүш” жана “эскертүү” берилди

2025-жылдын 23-июлунда өткөн коллегиялык жыйында Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн биринчи жарым жылдык жыйынтыктары каралып, бир катар жетекчилердин ишине баа берилди.

Коллегия жыйынтыгы боюнча төмөнкү чаралар көрүлдү:

• Ноокат районунун акими Э.А. Чакибаевдин иши өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн төмөндөшүнө байланыштуу иши жетишсиз деп табылды;

• Өзгөн районунун биринчи орун басары А.Р. Дуйшеевге инвестициялык карта жана стратегиялык план иштелбегендиги үчүн “эскертүү” берилди;

• Араван районунун биринчи орун басары А.И. Ахматовго мамлекеттик тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн “катуу сөгүш” жарыяланды;

Мындан тышкары, билим берүү тармагындагы жетишпестиктер үчүн:

• Жети райондун (Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай) акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарлары талаптагыдай камсыз кылуу чараларын көрбөй, айрым кемчилдиктерге жол берип, жетиштүү деңгээлде иш алып барбагандыктары белгиленди.

• Алты айыл өкмөт башчысынын жана бир шаар мэринин орун басарынын иши жетишсиз деп бааланды.

• Ошондой эле Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилеринин иши жетишсиз деп бааланды жана район жетекчилерине эскертүү берүү сунушталды.