Ош облусунда Азия чемпиондорун сыйлоо аземи болуп өттү

15.07.2025  15:07

113

Ош облусунда Азия чемпиондорун сыйлоо аземи болуп өттү

Ош облусунун аймагынан Азия чемпионаттарына катышып, жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен жана Кыргызстандын атынан таймаштарда байгелүү орундарды багындырган спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев катышып, чемпиондорду жана алардын машыктыруучуларын куттуктап, облустун жана жалпы өлкөнүн намысын коргоп, мамлекеттик желекти эл аралык аренада желбиреткендиги үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өкүлдүн атынан спортчуларга ыраазычылык каттар жана баалуу белектер тапшырылды.

Сыйланган спортчулар жана жетишкендиктери:

1. Мирзалиев Жантөрө – 2005-жылы туулган, Өзгөн району, Мырзаке айылы

• Азия чемпионаты (U-20), Бишкек шаары, Кыргызстан, 2025-жыл – 1-орун

• Машыктыруучусу: Минбаев Сулайман

2. Өмүрбеков Байгелди – 2009-жылы туулган, Ош шаары, Жапалак айылы

• Азия чемпионаты (U-17), Вунг Тау шаары, Вьетнам, 2025-жыл – 3-орун

• Машыктыруучусу: Абдуллажанов Өмүрбек

3. Сазанова Дильназ – 2002-жылы туулган, Алай району, Гүлчө айылы

• Азия чемпионаты (U-23), Вунг Тау шаары, Вьетнам, 2025-жыл – 3-орун

• Машыктыруучусу: Мырзабеков Туратбек

Мындан тышкары, 2025-жылдын 22-25-май күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн бел боо күрөшүнүн “Алыш” түрү боюнча Азия чемпионатында Ош облусунун спортчулары өлкө намысын татыктуу коргоп, төмөнкүдөй жыйынтыктарга жетишишти:

• Абидинов Баяман (Эркин түрү, 60 кг) – 1-орун

• Сапаров Роман (Классикалык түрү, 60 кг) – 1-орун

• Абдурасулов Марлен (Классикалык түрү, 70 кг) – 2-орун

• Абдукаимов Ахрорбек (Классикалык түрү, 100 кг) – 1-орун

• Сагыналы уулу Иманали (Классикалык түрү, 100 кг) – 1-орун

• Бактияр кызы Нурзат (Классикалык түрү, 65 кг) – 1-орун