Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №221-т тескемесинин негизинде түзүлгөн абанын сапатын жакшыртуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйыны өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, комиссиянын төрагасы – Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, ошондой эле комиссиянын мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана жергиликтүү жетекчилер катышты.
Жыйында атмосфералык абанын булгануусунун себептерин аныктоо, көйгөйлөргө комплекстүү баа берүү жана дүйнөлүк алдыңкы тажрыйбаларга таянып 2026–2027-жылдарга карата максаттуу иш-чаралар планын түзүү маселелери талкууланды.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан бир катар сунуштар берилди. Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик мекемелерге жана жергиликтүү башкаруу органдарына жаратылышты коргоо, абанын сапатын жакшыртуу жана көзөмөл механизмдерин күчөтүүгө багытталган тапшырмалар жүктөлдү.