 
              
      Ош облусунда үстүбүздөгү жылдын 9 айынын ичинде өнөр жай тармагында 94 жаңы ишкана ачылып, 1 196 жумуш оруну түзүлдү. Бул ишканалардын ачылышы менен жалпы 5 млрд 46 млн сомдон ашуун инвестиция өздөштүрүлдү.
Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу быйыл 3 млрд 117 млн сомго көп инвестиция тартылып, 2 ишканага көп ачылды.