Ош облусунда 425 мечитте Орозо айт намазы окулду

20.03.2026  09:58

5

Ош облусунда 425 мечитте Орозо айт намазы окулду

20-март күнү, Ош облусунда ыйык Орозо айт майрамына карата айт намазы окулду. Облустун аймагындагы жалпы 425 мечитте уюштурулган айт намаздарына миңдеген жарандар катышты.

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев “Имам ат-Термизий” борбордук мечитинде айт намазга катышып, облус тургундарын жана келген конокторду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу Ош облусунун тургундары,

Кадырлуу мусулман мекендештер!

Сиздерди жалпы мусулмандардын ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктайм!

Эзелтеден бери Рамазан айы тынчтыктын, сабырдуулуктун, ынтымак - ырашкерликтин, кечиримдүүлүктүн айы болуп келген. Отуз күн боюу кармаган орозоңуздар кабыл болсун. Жараткан жергебизге тынчтыкты, элибизге ынтымакты жана өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү тартууласын. Ар бир үй-бүлөдө бакубат жашоо, береке жана жакшылыктар болсун. Орозо айт маарек болсун!” — деди облус жетекчиси

Белгилей кетсек, облустагы бардык мечиттерде айт намазы ийгиликтүү жана тынч өттү.