Ош облусунда 406 мечитте Курман айт намазы окулду

06.06.2025  07:10

19

Ош облусунда 406 мечитте Курман айт намазы окулду

Бүгүн, 6-июнь күнү, Ош облусунда ыйык Курман айт майрамына карата айт намазы окулду. Облустун аймагындагы жалпы 406 мечитте уюштурулган айт намаздарына миңдеген жарандар катышты.

КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Илияз Ташбаев “Имам ат-Термизий” борбордук мечитинде айт намазга катышып, облус тургундарын жана келген конокторду Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Мен облусубуздун башчысы Эльчибек Джантаевдин жана өзүмдүн атымдан Сиздерди ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Жараткан жергебизге тынчтыкты, элибизге ынтымакты жана өлкөбүзгө өсүп-өнүгүүнү тартууласын. Ар бир үй-бүлөдө бакубат жашоо, береке жана жакшылыктар болсун. Курман айт маарек болсун!” — деди өкүлдүн орун басары.

Курман айт — мусулмандардын биримдигин, боорукерлигин жана ыймандуулугун даңазалаган ыйык майрам. Бүгүнкү күндө облустагы бардык мечиттерде айт намазы ийгиликтүү жана тынч өттү.