Ош облусунда 394 эне “Баатыр эне” ордени, 205 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты

15.07.2025  14:02

69

Ош облусунда 394 эне “Баатыр эне” ордени, 205 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 15-июль күнү, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун жарлыгы менен ыйгарылган “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо аземи Ош облусунда салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Иш-чара Ош облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жыйындар залында болуп өттү.

Сыйлык тапшыруу аземине өкүлдүн орун басары Талантбек Арстанкулов катышып, облус жетекчилигинин атынан көп балалуу энелерди куттуктады. Ал энелердин коомдогу орду, үй-бүлө тарбиясындагы зор эмгеги жана балдарды адеп-ахлакка, билимге, ыйманга тарбиялоодогу үлгүлүү салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жалпысынан, Ош облусу боюнча 394 эне “Баатыр эне” ордени, ал эми 205 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланды.

Маалымат үчүн: “Баатыр эне” ордени жети же андан көп бала төрөп, аларды татыктуу тарбиялап өстүргөн энелерге ыйгарылат. Ал эми “Эне даңкы” медалы көп балалуу энелердин коомдогу ордун жана эмгегин баалоо максатында ыйгарылат.