Ош облусунда 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыкты камсыз кылуу боюнча жыйын өттү

25.07.2025  11:49

55

Ош облусунда 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыкты камсыз кылуу боюнча жыйын өттү

Ош облусунда 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыкты камсыз кылуу максатында атайын жыйын өттү. Жыйынга Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев төрагалык кылып, ага “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын “Түштүк” филиалы, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Ош облустук бөлүмү, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл боюнча аймактык башкармалык, райондук администрациялардын өкүлдөрү жана көмүр казуучу 29 чарба субъектинин жетекчилери катышты.

Жыйындын күн тартибине төмөнкү эки маселе коюлду:

1. Ош облусунда көмүр баасын туруктуу кармоо чаралары жана көмүр баасын аныктоо маселеси;

2. Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы №282 токтомунун аткарылышы жана 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык иштери.

Жыйындын жүрүшүндө көмүр жеткирүү, сатуунун логистикасы, баанын негизделиши жана көмүр сатуучу базалардын жетишсиздиги боюнча маселелер талкууланды. Ошондой эле электр энергиясын үнөмдөө, жылытуу системаларынын даярдыгы жана көмүр камдоо иштери боюнча тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.