Ош облусунда 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү

30.06.2025  16:13

87

Ош облусунда 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрүлдү

Бүгүн, 30-июнь күнү, Ош облусунда 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине карата бардык тармактарда даярдыкты камсыздоо боюнча жыйын болуп өттү. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев, район акимдери, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын негизги максаты — калкты жана экономиканын ар түрдүү тармактарын көмүр, электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле күтүлбөгөн кырдаалдардын алдын алуу, энергияны үнөмдөө жана анын натыйжалуулугун жогорулатуу болду.

Жыйындын жүрүшүндө облустагы мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери тууралуу маалыматтар берилди. Мындай иштердин алкагында көмүр сатууну уюштуруу, керектүү ресурстарды өз учурунда даярдоо жана тиешелүү иштерди үзгүлтүксүз жүргүзүү тапшырылды.

Президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Курбанбек Айтибаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-июнундагы №282 токтомунун аткарылышын камсыздоо боюнча ар бир тармакка тиешелүү милдеттерди жүктөп, калкты күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.