Ош облусунда 2025-жылдын 9 айлык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды

31.10.2025  14:30

4

Ош облусунда 2025-жылдын 9 айлык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы чыгарылды

31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында Облустун 2025-жылдын 9 айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктарын чыгаруу жана бир катар актуалдуу маселелерди кароо боюнча коллегиялык жыйын өттү.

Жыйынга облус башчысы Эльчибек Джантаев, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басарлары, район акимдери, облустук мекеме-ишкана жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышышты.

Алгач облус башчысы жаңы дайындалган мекеме-ишкана жетекчилерин тааныштырып, андан соң күн тартибиндеги маселелерге өттү.

Коллегиянын күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

1. Ош облусунун 2025-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана IV кварталга карата милдеттер;

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгынын аткарылышын камсыздоо (жол боюндагы тейлөө объекттерин мыйзамсыз жайгаштыруунун алдын алуу);

3. 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана аны ийгиликтүү өткөрүү;

4. Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрацияларында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик органдардын тапшырмаларынын аткарылышы жана жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн абалы;

5. Кокон хандыгынын белгилүү мамлекеттик ишмери Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча иш-чаралардын жыйынтыгы.

Жыйындын жүрүшүндө облус башчысы Эльчибек Джантаев ар бир багыт боюнча маалымат берип, жол берилген кемчиликтерди белгилеп, тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмаларды жүктөдү. Ошондой эле алдыдагы IV квартал жана кыш мезгилине карата уюштуруучулук жана аткаруучулук чараларды ыкчам жана сапаттуу аткаруунун маанисине токтолду.

Жыйындын соңунда Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесин өткөрүүдө салым кошкон бир катар мекеме-ишканалар жана жетекчилер Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары менен сыйланышты.