Ош облусунда 17 социалдык объект ачылды

29.08.2025  11:26

59

Ош облусунда 17 социалдык объект ачылды

Эгемендүүлүктүн 34 жылдык майрамына карата өлкө аймагында ачылып жаткан 100 объекттин катарында Ош облусунун жети районунда билим берүү, тарбия жана спорт тармагындагы 17 жаңы социалдык объекттин ачылышы болуп өттү. Салтанатка Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында онлайн форматта катышып, старт берди.

Жаңы курулган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн социалдык объекттердин катарына мектептер, бала бакчалар жана спорт залдар кирди.

Ноокат районунда 4 объект ишке берилди:

• Төөлөс айыл аймагындагы Кеңеш айылында 75 орундуу бала бакча,

• Арбын айылында жаңы спорт комплекс,

• Борбаштагы “Ой-Талаа” орто мектеби (375 орундуу, эки кабаттуу),

• Кайынды айылындагы 100 орундуу “Кайыңды” орто мектеби.

Өзгөн районунда 5 объект ачылды:

• Төрт-Көл айылындагы Т. Орозов атындагы мектеп,

• Зергер айылындагы №27 А. Тураева атындагы мектептин спорт залы,

• Эркин-Тоо айылындагы капиталдык оңдолгон орто мектеп,

• Төөлөс айылындагы 50 орундуу бала бакча,

• Мырза-Аке айылындагы №3 М. Нурбаев атындагы мектеп (толук оңдолгон).

Кара-Суу районунда 3 объект пайдаланууга берилди:

• Талдык айылындагы Т. Сулайманов атындагы мектептин спорт залы,

• Кең-Сай айылындагы жаңы бала бакча,

• Шарк айылындагы Боболашкар атындагы жаңы мектеп.

Алай районунда – Үч-Дөбө айыл аймагындагы Чий-Талаа айылында жаңы бала бакча ачылды.

Кара-Кулжа районунда 2 объект:

• Жийде айылында 60 орундуу бала бакча,

• 1-май айылында жаңы спорт зал.

Чоң-Алай районунда 3 объект пайдаланууга берилди:

• Эсенкелди уулу Максатбек атындагы орто мектептин спорт залы,

• Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин спорт залы,

• Чоң-Алай айылындагы жаңы спорт зал.

Жалпысынан ачылган социалдык объекттер аймактардагы балдардын билим алуусу жана ден соолугун чыңдоого шарт түзүп, жашоочулардын күнүмдүк турмушуна чоң салым кошмокчу