Ош облусунда 16 объект Президенттин онлайн катышуусунда ачылды

12.09.2026  12:53

37

Ош облусу боюнча 16 социалдык объект пайдаланууга берилди. Алардын ичинде: 2 мектеп, 5 бала бакча, 3 спорт зал, 1 оорукана, 1 ФАП, 1 маданият үйү, 2 административдик имарат жана 1 парк.

Алай району:

Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы №29 К.Тайчабаров атындагы 150 орундуу мектеби

Тилектеш айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы 60 орундуу бала бакчасы

Курманжан-Датка айыл аймагынын Кара-Шоро айылындагы Савай спорт комплекси

Үч-Дөбө-Алай айыл аймагынын Сопу-Коргон айылындагы спорт комплекси

Араван району:

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын Араван району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн мекемеси

Кара-Кулжа району:

Кара-Кулжа айылындагы "Буранов" паркы

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылындагы ФАПы

Кара-Суу району:

Отуз-Адыр айыл аймагынын Савай-Арык айылындагы балдар бакчасы

Ноокат району:

Н.Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожеке айылындагы 120 орундуу бала бакчасы

Н.Исанов айыл аймагынын Жаңы-Базар айылындагы 40 койкалуу ооруканасы

Төөлөс айыл аймагынын Муркут айылындагы У.Салиев атындагы мектебинин спорт залы

Өзгөн району:

Төрт-Көл айыл аймагынын Красный-Маяк айылындагы 120 орундуу бала бакчасы

Жалпак-Таш айыл аймагынын Кара-Тарык айылындагы №95 Т.Жоробеков атындагы 150 орундуу мектеби

Чоң-Алай району:

Чоң-Алай райондук Социалдык фонд башкармалыгынын мекемеси

Дароот-Коргон айылындагы "Жаш-Келечек" мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемеси

Жекенди айыл өкмөтүнүн Кара-Мык айылындагы маданият үйү

Бардык 16 объект Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен салтанаттуу түрдө ачылды. Бул объекттер облустун тургундарына сапаттуу билим берүү, медициналык тейлөө, маданият жана спорттук мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга багытталган маанилүү долбоорлор болуп саналат.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы