Ош облусунда 1-июль – Куткаруучулар күнү белгиленди

01.07.2025  12:00

95

Ош облусунда 1-июль – Куткаруучулар күнү белгиленди

Ош облусунда 1-июль — Куткаруучулар күнү салтанаттуу түрдө белгиленип, аталган иш-чара Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын чоң жыйындар залында өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрлан Мусаев, куткаруу кызматтарынын кызматкерлери жана ардагерлери, укук коргоо органдарынын жетекчилери, ошондой эле Жарандык коргонуу кызматынын башчылары катышты.

Салтанаттуу жыйында облус башчысы Эльчибек Джантаев куттуктоо сөз сүйлөп, куткаруучулардын коом үчүн маанилүү кызматын белгиледи.

“Бул майрам – күн сайын өз өмүрүн тобокелге салып, адам өмүрүн сактап калуу үчүн күрөшүп келген сиздердин каармандык эмгегиңиздерге берилген жогору баа. Табигый кырсыктарда, өрттө, суу ташкында, кар көчкүдө жана башка өзгөчө кырдаалдарда сиздердин ыкчам жана профессионалдуу аракеттериңиздер миңдеген адамдардын өмүрүн жана мүлкүн сактап калууда,” – деди өкүл.

Ошондой эле, өткөн жылы облус аймагында болгон жаратылыш кырсыктары менен техногендик кооптуу кырдаалдарда куткаруучулардын ыкчам, так жана натыйжалуу иш-аракеттери жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда чечүүчү ролду ойногону белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө Эльчибек Джантаев өзгөчө кырдаалдарда өз кызматын ак ниеттүүлүк менен аткарган куткаруучуларга өкүлчүлүктүн атынан ардак грамоталарды тапшырды.