Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай менен жолугушту.
Тараптар жолугушууда эки өлкө ортосундагы достук мамилелердин жана ар тараптуу кызматташуунун маанисин баса белгилешип, айрыкча туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөргө өзгөчө көңүл бурушту.
Атап айтканда, “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркын өнүктүрүү максатында долбоорлор даярдалганы айтылып, анда аркан жолдорду, зиплайн жана башка туристтик инфратүзүмдөрдү куруу каралган. Бул багытта француз тарап менен тыгыз кызматташууга өзгөчө кызыкдар экендик белгиленди.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан ары да ар тараптуу кызматташууну кеңейтүүгө жана достук алаканы чыңдоого даяр экенин билдиришти.