Ош облусу «Биримдик кербени» долбоорун салтанаттуу кабыл алды

31.07.2026  09:58

381

Ош облусу «Биримдик кербени» долбоорун салтанаттуу кабыл алды

30-июль күнү Ош облусу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлүп жаткан «Биримдик кербени» долбоорун салтанаттуу түрдө кабыл алды.

Эске салсак, кербен 25-июль күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Раззаков шаарынан жолго чыгып, 300 чакырым жолду басып Ош облусунун Ноокат районуна жетип келди.

Ноокат районундагы өткөрүп берүү аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева кербенди жетектеп келип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаевке салтанаттуу өткөрүп берди. Аземге ошондой эле Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурлан Керимкулов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Аземде катышуучулар Ош облусунун бардык райондорунун ыйык суулары менен «Биримдик кербенине» кошуларын белгилешип, бул демилге элдин ынтымагынын жана биримдигинин символу экенин айтышты. Ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын маданий байлыгын жана элибиздин меймандостугун дүйнөгө даңазалайт деген ишеним билдирилди.

«Биримдик кербени» эми Ош облусунун бардык райондорун кыдырып, 6-август күнү Жалал-Абад облусуна салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилет.

Кербендин негизги максаты – элдердин биримдигин жана достугун бекемдөө.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы