ОШ ОБЛУСУ 2025-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

17.02.2026  13:17

187

ОШ ОБЛУСУ 2025-ЖЫЛДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

2026-жылдын 17-февраль күнү Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу боюнча коллегиялык жыйын өтүп, 2026-жылга милдет-пландар коюлду

Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, коллегия мүчөлөрү, өкүлдүн орун басарлары, район акимдери, облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышышты.

Коллегиялык жыйындын күн тартибинде кароо үчүн 1 маселе коюлган:

1. “Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана 2026-жылга милдет, пландарды коюу жөнүндө”

Күн тартибиндеги маселе боюнча КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев баяндама жасап, 2026-жылга карата коюлган милдет-пландар боюнча маалымат берди.

Облус жетекчисинин айтымында учурда облуста ишкердик чөйрөнү жакшыртуу жана инвестиция тартуу максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин натыйжасында 2025-жылы облустун аймагында 120 жаңы ишкана ачылып, 1474 жумуш орду түзүлдү. Ал эми жалпы тармактарды кошуп эсептегенде 17453 жумуш орду түзүлгөн. Алардын эсебинен жалпысынан өнөр жай тармагында 5 млрд. 938,5млн. сомдон ашык инвестиция өздөштүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млрд 392,9 млн. сомго көп инвестиция тартылган.

Облус боюнча дотациянын көлөмү былтыркы жылга салыштырмалуу 3,5 пайызга азайды. 2025-жылга карата 1 шаар, 5 айыл өкмөт дотациядан чыкты.

Жолдорду асфальттоого 2025-жылы облуска турукташтыруу фондунан жана республикалык бюджеттен жалпы 8 млрд 233 млн сом бөлүнүп, 415,9 чакырым жолдор оңдолуп, асфальт басылды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 188,4 чакырымга көп.

Курулуш тармагы боюнча 2025-жыл ичинде республикалык бюджеттен 2 млрд 455 млн сом бөлүнүп, 43 объект салынган. Алар 11 мектеп, 12 балдар бакчасы, 6 спортзал жана спорт аянтчалары, 1 оорукана, 11 капиталдык ремонт жана 2 таза суу объектилери.

Ош облустук өнүктүрүү фондуна 2025-жылда 250 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Жыл ичинде фондго 102 долбоор келип түшсө, анын 42и долбоору жактырылып, каржылоого алынды.

Айыл чарба тармагында өткөн жылы Ош облусунда айыл чарба продукциясы жалпы 85 млрд 843,3 млн. сомго өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 103,4% түздү. Бул Кыргызстан боюнча айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмүнүн 18,7% түзгөндүгүн көрсөтөт.

Пайдаланылбай калган жерлерди өздөштүрүүдө алгылыктуу иштер аткарылып 810 гектар аянттан 154 гектар кыскартылган. Учурда пайдаланылбай калган жерлердин жалпы аянты 617 гектарды түзөт.

Жыл жыйынтыгы боюнча негизги маалыматтарды баяндап бүткөндөн кийин Аманкан Кенжебаев 2026-жылга карата коюлган милдет-пландар боюнча маалымат берип, район акимдерине, облустук-мекеме ишканалардын жетекчилерине, айыл өкмөт башчыларыга бир катар тапшырмаларды берди.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, өлкөдөгү аткарылган алгылыктуу иштер боюнча кенен токтолуп, бир катар милдет-тапшырмаларды койду.