Ош облустук төрөт стационары капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу ачылды

02.02.2026  15:05

8

Ош облустук төрөт стационары капиталдык оңдоодон кийин салтанаттуу ачылды

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт стационары капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди.

Салтанаттуу ачылыш аземине Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев, Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов, Ош шаарынын вице-мэри, медицина кызматкерлери жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн Аманкан Кенжебаев дарыгерлерди жаңыланган медициналык мекеменин ачылышы менен куттуктап, мамлекет саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи. Анын айтымында, материалдык-техникалык базаны жакшыртуу менен катар медицина кызматкерлерине ылайыктуу шарттарды түзүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана айлык маяналарын 100 пайызга чейин көтөрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Капиталдык оңдоп-түзөө иштеринин алкагында төрөт стационарынын «Эне жана бала» бөлүмү, операциялык блок, чоңдор жана балдар үчүн жандандыруу бөлүмдөрү, кош бойлуулардын патологиясы бөлүмү, борборлоштурулган стерилизация бөлүмү, клиникалык-диагностикалык лаборатория жана амбулатордук диагностикалык бөлүм толугу менен жаңыланды. Ошондой эле 3 млн 855,7 миң сомго бааланган борборлоштурулган кислород берүүчү станция ишке киргизилди.

Жаңы төрөт стационары мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланып, эки кабаттуу имараттын жалпы тендердик баасы 87 млн 900 миң сомду түздү. Медициналык мекеме заманбап жабдуулар менен камсыздалып, калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө бардык шарттар түзүлгөн.

Аманкан Кенжебаев жаңыланган мекеменин инфраструктурасы жана техникалык жабдылышы менен жеринде таанышып чыкты.

Белгилей кетсек, Ош облустук төрөт үйү 1968-жылдын 11-апрелинде 250 орунга ылайыкталып ачылган. Андан бери алгач ирет капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.