Ош облустар аралык балдар ооруканасына заманбап медициналык жабдыктар тапшырылды

01.07.2025  15:08

102

Ош облустар аралык балдар ооруканасына заманбап медициналык жабдыктар тапшырылды

Ош облустар аралык балдардын клиникалык ооруканасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жаңы заманбап медициналык жабдыктар тапшырылды.

Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев катышып, медициналык жабдыктар облустук өнүктүрүү фонду тарабынан 3,4 миллион сомго сатылып алынганын белгиледи. Аталган жардамдын алкагында оорукананын жандандыруу (реанимация) бөлүмүнө жасалма дем алдыруучу аппарат (ИВЛ) жана эки даана кувез (инкубатор) тапшырылды.

Облус жетекчиси Эльчибек Джантаев өз сөзүндө бул медициналык жабдыктар ымыркайлардын өмүрүн сактап калууда жана аларга сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.

“Өзгөчө салмагы аз, оор абалда төрөлгөн ымыркайлар үчүн бул жабдыктар абдан зарыл. Эми балдар коопсуз жана заманбап шартта дарылануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул – мамлекеттин жана коомдун балдар саламаттыгына болгон камкордугунун дагы бир мисалы,” – деди өкүл.

Медициналык кызматкерлер жана оорукананын жалпы жамааты облус жетекчилигине ымыркайлардын өмүрүн сактап калууга жана жашоого болгон үмүттү арттырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Тапшырылган жабдыктар өзгөчө наристелердин физиологиялык өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтырылган. Бул ыкма менен оорукананын материалдык-техникалык базасы дагы да бекемделип, медициналык тейлөөнүн сапаты жогорулайт.