Ош областынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 05.06.2024-жылдагы №137 “2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруу тууралуу иш-чаралар планынын аткарылышынын алкагында, социалдык чөйрөнүн жана экономиканын тармактарында жарандардын жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, мамлекеттик каражаттарды башкаруу, финансылык контролдоо системаларын жана сатып алуу жол-жоболорун өркүндөтүү, санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана коомчулуктун натыйжалуу өз ара аракеттенүүлөрүн күчөтүү максатында “Электрондук айыл өкмөтү” программасы областтын бардык айыл өкмөттөрүндө уюштурулган.
Аталган иш-чаралар планы Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайттарында маалымат алуу жана пайдалануу үчүн жарыяланып, жергиликтүү тургундардын жеткиликтүүлүгү камсыз кылынууда.
Ошондой эле, жалпыга жеткиликтүү жерлерде акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин жайгаштыруу саясатын ишке ашырууда, жергиликтүү гезиттерге кызмат көрсөтүүлөрдүн нарктары жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр боюнча маалыматтар дайыма жарыяланып келүүдө.
Мындан сырткары, Ош областынын аймагында коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу жана коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга катышуу максатында жогорку окуу жайлардын студенттери, кесиптик лицей, инновациялык мектеп жана атайын орто мектептердин окуучуларынын катышуусунда Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондорунун прокуратуралары тарабынан 3 тегерек стол, 4 лекция жана 5 жолугушуулар уюштурулуп, аталган иш-чараларда прокуратура органдары тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү багытында аткарылган иштер жана жогоруда аталган коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиянын маңызы, максаты, милдеттери жана ишке ашыруунун принциптери тууралуу кээңири маалыматтар берилип, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан белгиленген коррупцияга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата атайын даярдалган плакат жана видеороликтер көрүүчүлөргө тартууланды.
Иш-чаранын жүрүшүндө окуучулардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда пикир алмашуулар жүргүзүлүп, жыйынтыктары тууралуу райондук мамлекеттик администрациялардын жана кесиптик лицейлердин “Facebook”, “Instagram” социалдык тармактарындагы өздүк баракчалары аркылуу жайылтылып, жалпыга маалымдоо каражаттарына (райондук гезит) макалалар жиберилди.