Ош областынын прокуратурасы 2025-жылдын 12 айында соттордо каралган кылмыш иштердин ичинен аялдарга карата жасалган кылмыштар боюнча

31.03.2026  10:44

55

Ош областынын прокуратурасы   2025-жылдын 12 айында соттордо каралган кылмыш иштердин ичинен аялдарга карата жасалган кылмыштар боюнча

Ош областынын жергиликтүү соттору тарабынан 2025-жылдын 12 айында аялдар жабырлануучу болуп өткөн 179 кылмыш иш 205 адамга карата каралган. Алардын ичинен 114 кылмыш иш боюнча 134 адамга карата айыптоо өкүмдөрү чыгарылган: 22 кылмыш иш боюнча 24 адам эркиндигинен ажыратылган, 37 кылмыш иш боюнча 46 адамга карата пробациялык көзөмөл дайындалган, 33 кылмыш иш боюнча 35 адамга карата айып салынган жана 22 кылмыш иш боюнча 29 адамга карата башка жазалар дайындалган. 1 кылмыш иш боюнча 1 адамга карата актоо өкүмү чыгарылган болсо, 64 кылмыш иш 70 адамга карата өндүрүштөн кыскартылган.

Жогорудагы сотто каралган кылмыш иштер боюнча 249 аял жабырлануучу катары өткөн. Ошондой эле, кылмыш иш 5 адамга карата КР КЖКнын 177-бер. (үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча каралып, сотто 2 кылмыш иш боюнча 2 адамга карата пробациялык көзөмөл дайындалып, 3 кылмыш иш 3 адамга карата тараптар жарашкандыгына байланыштуу өндүрүштөн кыскартылган.

Ал эми, 2024-жылдын 12 айында аялдар жабырлануучу болуп өткөн 164 кылмыш иш 187 адамга карата каралган. Алардын ичинен 107 кылмыш иш боюнча 126 адамга карата айыптоо өкүмдөрү чыгарылган: 15 кылмыш иш боюнча 16 адам эркиндигинен ажыратылган, 22 кылмыш иш боюнча 36 адамга карата пробациялык көзөмөл дайындалган, 55 кылмыш иш боюнча 56 адамга карата айып салынган жана 15 кылмыш иш боюнча 18 адамга карата башка жазалар дайындалган. Ал эми, 1 кылмыш иш боюнча 1 адамга карата актоо өкүмү чыгарылган болсо, 56 кылмыш иш 60 адамга карата өндүрүштөн кыскартылган.

Жыйынтыктап айтканда, 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу 15 кылмыш иш 18 адамга карата көп каралган.