25-декабрь — жаңы жыл алдында, Ош облусунда маанай көтөргөн жакшы жаңылыктар болду. IV Элдик курултайдын биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда облуста 15 социалдык объект онлайн форматта ачылып, пайдаланууга берилди.
Өзгөн району
1. “Азада-Апа” бала бакчасы
Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Алга айылында жайгашкан, 120 орундуу.
Долбоордун наркы — 77 млн 910,1 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган. Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү.
2. Баш-Дөбө айыл аймагынын Кеңеш айылында жайгашкан, 60 орундуу бала бакча. Подрядчы — ЖЧК «Алтрейд».
Долбоордун баасы — 46 млн 342,7 миң сом, республикалык бюджеттен каржыланган.
⸻
Ноокат району
3. Акматали Сыранов атындагы орто мектеп. Билим берүү мекемеси Көк-Жар айыл аймагынын Он Эки Мойнок айылында жайгашып, жалпы 275 орунга ылайыкталган. Долбоордун наркы — 133 млн сомдон ашык. Курулуш 2023-жылдын IV кварталында башталып, толук аяктады.
4. Кара-Кокту орто мектеби.
А. Мирмахмудов айыл аймагынын Кара-Кокту айылында, 150 орундуу билим уясы. Долбоордун наркы — 92 млн 460 миң сом. Курулуш 2024-жылдын май айында башталып, толук бүттү.
5. “Раяна” мектепке чейинки мекемеси.
Н. Исанов айыл аймагынын Жар-Коргон айылында жайгашкан 120 орундуу балдар бакчасы. Жеке инвестор тарабынан курулуп, долбоордун баасы — 60 млн сом.
6. Герейт-Шорон орто мектеби
Төөлөс айыл аймагында жайгашкан, 225 орундуу. Курулушка 74 млн 931 миң сом сарпталган.
⸻
Кара-Кулжа району
7. “Парчабу эне” бала бакчасы
Биймырза айылында жайгашкан, 120 орундуу. Долбоордун наркы — 70 млн 246,5 миң сом.
⸻
Кара-Суу району
8. №133 Кайрагач орто мектеби
Ала-Тоо айыл аймагында жайгашкан, 275 орундуу. Курулуш 2015-жылы башталып, толук аяктады.
Жалпы наркы — 105 млн 495 миң сомдон ашык.
9. Т. Шериев атындагы орто мектеп
Папан айыл аймагынын Андагул айылында жайгашкан, 150 орундуу.
Долбоордун баасы — 104 млн сом.
Курулуш 2024-жылы башталып, толук бүткөрүлдү.
10. Ленин атындагы кошумча окуу корпусу Кара-Суу шаарында жайгашкан, 450 орундуу.
Республикалык бюджеттен каржыланып, 107 млн сом сарпталган.
11. Отуз-Адыр айылындагы бала бакча
120 орундуу, долбоордун наркы — 53 млн 350 миң сом.
⸻
Алай району
12. Жерге-Тал айылындагы спорт залы
Үч-Дөбө-Алай айыл аймагында курулган.
Курулушка 23 млн 374,2 миң сом жумшалган.
13. Аскалы айылындагы орто мектеп
М. Акматов атындагы, 100 орундуу (спорт залы жок). Курулуш 2024-жылы башталып, 42 млн 638,9 миң сом сарпталган.
14. “Гүлбурак” бала бакчасы
Сары-Могол айылында жайгашкан, 140 орундуу. Долбоор 2023-жылы башталып, 86 млн 950 миң сом каражат сарпталган.
15. Тогуз-Булак айылындагы спорт залы. №29 Келдибай Тайчабаров атындагы орто мектептин спорт залы.
Курулуштун жалпы наркы — 20 млн сом.