Облус жетекчиси жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды

24.02.2026  17:02

5

Облус жетекчиси жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев облус аймагынан келген жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.

Кабыл алууда тургундар негизинен жер тилкеси, турак жай, “Баатыр эне” наамын алууга көмөктөшүү, материалдык жардам алуу сыяктуу турмуштук маанилүү маселелерин көтөрүштү.

Аманкан Кенжебаев ар бир кайрылууну жеке угуп, тиешелүү жетекчилер — акимдер жана айыл өкмөт башчылары менен түз байланышып, маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн тапшырмаларды берди.

Маалымат үчүн: Жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу ар аптанын шейшемби күнү, саат 14:00дө өткөрүлөт.