28-октябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев облус аймагынан келген жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Кабыл алууда тургундар негизинен жер тилкеси, турак жай, бала бакча, көпүрө курууга көмөктөшүү сыяктуу турмуштук маанилүү маселелерин көтөрүштү.
Эльчибек Джантаев ар бир кайрылууну жеке угуп, тиешелүү жетекчилер — акимдер жана айыл өкмөт башчылары менен түз байланышып, маселелерди ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн тапшырмаларды берди.
Маалымат үчүн: Жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алуу ар аптанын шейшемби күнү, саат 14:00дө өткөрүлөт.