Облус башчысынын убадасы аткарылды

03.10.2026  16:57

45

Облус башчысынын убадасы аткарылды

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин эл менен жолугушуусу учурунда Өзгөн районунун Төрт-Көл айылынын тургуну турмуш-тиричиликке керектүү желмаян алып берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Облус башчысы жарандын суранычын жергиликтүү жерде угуп, керектүү жардам көрсөтүлөрүн билдирип, убада берген.

Берилген убаданын алкагында жарандын суранычы аткарылып, бүгүн ага жүк ташуучу араба (желмаян) тапшырылды.

Жаран өз кезегинде көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирип, эл менен болгон жолугушуулардын жыйынтык берип жаткандыгын белгиледи.

🏛️ Маалымат: КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы