Ноокаттын Нарай айылында 100 орундуу жаңы бала бакча ишке берилди

20.06.2025  17:45

142

Ноокаттын Нарай айылында 100 орундуу жаңы бала бакча ишке берилди

Бүгүн, 20-июнь күнү Ноокат районунун Нарай айылында 100 орундуу “Жаш Жеткинчек” жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземге Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош облусунун жетекчиси Эльчибек Джантаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Сметалык баасы 50 млн сомдон ашуун. Жаңы бакча эки кабаттуу, ичинде балдар үчүн бардык заман талабына жооп берген шарттар түзүлгөн. Сыртында оюн аянтчалар жана 4 даана көлөкө чатырлар жайгашкан.