Ноокаттын Каранай айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

20.06.2025  17:39

118

Ноокаттын Каранай айылында 225 орундуу мектептин курулушу башталды

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 20-июнь күнү Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жана Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев менен биргеликте Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Каранай айылында 225 окуучуга ылайыкташкан “Каранай” орто мектебинин жаңы имаратынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Билим уясы үч кабаттуу болуп, спорт залы менен кошо заман талабына ылайык бардык шарты менен курулат. Ал үчүн республикалык бюджеттен 164 млн сомдон ашуун каражат каралган.

Белгилей кетсек, Көк-Жардын Каранай айылындагы “Каранай” орто мектептин эски имараты 1998-жылы ишке берилген. Бүгүнкү күндө эскилиги жеткен мектепте 300гө жакын окуучу билим алат.