25-апрель күнү Ноокат районунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар арасында волейбол жана кичи футбол боюнча мелдеш ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Мелдеш, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын,
ошондой эле “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында уюштурулду.
Алгач, иш чараны Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев салтанаттуу ачып, мелдештин негизги максаты облус элинин ынтымагын, биримдигин чыңдоо, коомчулукту сергек жашоого үндөө экенин баса белгиледи.
Бул спорттук мелдеш, Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын аппараты тарабынан уюштурулду. Жыйынтыгында 4 командага кубок, акчалай сыйлык, медал жана дипломлор тапшырылды.
Андан сырткары, мелдештин уюштуруучулары “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу”, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты дарбазачы” жана “Мыкты сүрөөнчү” номинациялары боюнча жеңүүчүлөрдү аныкташты.
Оюндар кызуу атаандаштык менен өттү. Мелдешке жалпы 8 команда катышты.
Волейбол оюну боюнча:
1-орун КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн командасы
2-орун Алай районунун командасы
3-орун Кара-Кулжа районунун командасы
4-орун Ноокат районунун командасы
Кичи футбол оюну боюнча:
1-орун Кара-Суу районунун командасы
2-орун Өзгөн районунун командасы
3-орун Араван районунун командасы
4-орун КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн командасы
****
КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы