“Ноокат жылуулук” муниципалдык ишканасынын кыш мезгилине көрүлгөн даярдыгы текшерилди

06.11.2025  16:48

4

“Ноокат жылуулук” муниципалдык ишканасынын кыш мезгилине көрүлгөн даярдыгы текшерилди

Ош облусунун башчысы Эльчибек Джантаев 2025–2026-жылдардын күз-кыш мезгилине көрүлгөн даярдыктар менен жеринен таанышуу максатында бүгүн, 6-ноябрь күнү Ноокат районуна иш сапары менен барды.

Сапардын алкагында ал Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы “Ноокат жылуулук менен камсыздоо” муниципалдык ишканасына барып, ишкананын жылытуу сезонуна даярдыгы жана отказандарды тейлөө абалы менен таанышты. Эльчибек Джантаев көмүр жана отун запасы боюнча маалымат алып, кыш мезгилинде шаар тургундарын үзгүлтүксүз жана коопсуз жылуулук менен камсыз кылуу зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле жылуулук керектөөчүлөрдүн санын көбөйтүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары облус башчысы Гүлистан айыл аймагында элди жеткиликтүү баада көмүр менен камсыздоо максатында ачылган көмүр кампасынын ишин жеринде көрүп чыкты. Учурда кампада көмүрдүн килограммы 6 сомдон сатылууда. Эльчибек Джантаев көмүрдүн сапатына көзөмөлдү күчөтүүнү жана кампада жетиштүү запастын болушун камсыздоону жооптуу жетекчилерге тапшырды.