Ноокат шаарына жаңы заманбап эвакуатор-манипулятор техникасы расмий түрдө тапшырылды. Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев катышып, техниканын ачкычын шаар жетекчилигине тапшырды.
Эвакуатор-манипулятор техниканын жалпы баасы 4 миллион 485 миң сомду түзүп, ал Ош облустук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен каржыланды.
Аталган техника Ноокат шаарында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, мыйзамсыз токтотулган унааларды алып чыгуу жана шаардык инфраструктураны жакшыртуу максатында колдонулат.